Министр Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы Төрагасы, Польшанын Тышкы иштер министри Збигнев Рау, ошондой эле ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Шмид менен телефон аркылуу сүйлөшүштү

1011

2022-жылдын 16-сентябрында Министр Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы Төрагасы, Польшанын Тышкы иштер министри Збигнев Рау, ошондой эле ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Шмид менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтарды жеткирип, Кыргыз Республикасынын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУнун өкүлдөрү келип жаткан кабарларга терең тынчсыздануусун белгилеп, чыр-чатактын курчушуна жол бербөөгө жана аны тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышты. Ошону менен бирге тараптардын конструктивдүү диалог түзүү аракетин кубаттап, мурда жетишилген ок атууну токтотуу келишимдерин урматтоого чакырышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK