Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө

1052

Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2022 -жылдын 25-ноябрында Биринчи Элдик Курултай Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Элчилик учурда Австрияда, Чехияда, Словакияда жана Словенияда катталган кыргыз коомдук уюмдарынын укуктук документтерин чогултуу иштерин жүргүзүүдө.

Элдик Курултайдын эмгек мигранттарынын атынан катышуучу делегаты бир уюм – бир мандат принциби боюнча коомдук уюмдар тарабынан шайланат. Коомдук уюм мүчөлөрүнүн ичинен белгилүү талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. Андан кийин уюмдун Австрияда, Чехияда, Словакияда же Словенияда мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү менен Элчиликке жазылган кайрылуусунун негизинде коомдук уюм тизмеге киргизилет. Ошентип, Элдик Курултайга делегатты мыйзамда белгиленген тартипте Австрияда, Чехияда, Словакияда же Словенияда расмий катталган коомдук уюм гана шайлай алат.

Элдик Курултайга катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү боюнча коомдук уюмдардан арыздар 2022-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигине бир гана квота бөлүнгөнүн билдиребиз, башкача айтканда, Австриядагы, Чехиядагы, Словакиядагы жана Словениядагы бардык кыргыз коомдук уюмдарынан бир гана талапкер тандалып алынышы керек.

Ошондой эле төмөндөгүлөр Элдик Курултайдын делегаты боло албай тургандыгына Элчилик көңүл бурат:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары;
  • чет мамлекеттин жарандыгы бар адамдар;
  • соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар;
  • мурда соттолгондор;
  • мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар адамдар, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, алардын соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлбаганына карабастан;
  • жашы жете элек адамдар.

Ушуга байланыштуу Биринчи Элдик Курултайга катышууга кызыкдар болгон Австриядагы, Чехиядагы, Словакиядагы жана Словениядагы кыргыз коомдук уюмдарынан 2022 -жылдын 15 -октябрына чейин тиешелүү документтерди (Элчиликке жазуу жүзүндөгү кайрылуу жана коомдук уюмдун Австрияда, Чехияда, Словакияда же Словенияда мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү мамлекеттик же расмий тилдерде тастыкталган котормосу менен) Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигине жөнөтүүнү суранабыз: Invalidenstraße 3/8, 1030 Wien, электрондук версия: kgembassy.at@mfa.gov.kg

 

Элдик Курултай тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемелер аркылуу биле аласыздар:

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK