КР Жогорку Кеңешинин депутаттык этикасынын Кодексин талдоо боюнча ЕККУ/ДИАУБ презентация өткөрдү

199

2023-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча Комитетинин кеңейтилген отурумунун алкагында депутаттык этиканын Кодексин талдоо боюнча презентация болуп өттү. Презентацияга ЕККУнун өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты.

Презентациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев 2008-жылы Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте биринчилерден болуп депутаттык этиканын Кодексин кабыл алганын жана этиканын нормаларын өзүнчө документке бөлүп көрсөткөн Борбордук Азия регионундагы жалгыз мамлекет экендигин белгиледи.

Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова Кодексти талдоо боюнча презентация жасагандыгы үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ЕККУ/ДИАУБ) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, бул мыйзам чыгаруу жаатындагы документти жаңылоодо жана натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууда биринчи кадам экенин баса белгиледи.

Презентациянын жыйынтыгында Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык этикасынын Кодексин өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алды.

Бул иш-чара КР Жогорку Кеңешинин, КР ТИМдин жана КРнын Венадагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн ЕККУ/ДИАУБ жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси менен тыгыз координациясы алдында уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK