Кыргыз Республикасынын Венадагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн электрондук кол тамгаларды (БЭК) берүү процессин баштады

61

 2023-жылдын 17-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 180-р буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине «булуттуу» технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарына электрондук кол тамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын берүү ыйгарым укуктары берилди.

Электрондук кол тамга – бул тышта жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта алууга мүмкүндүк берүүчү өнүккөн чечим. Бул технология жарандар кол койгон электрондук документтердин коопсуздугун, аутентификациясын жана бүтүндүгүн камсыздайт.

Электрондук кол тамгаларды берүү процесси 2023-жылдын 25-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилигинде жүргүзүлөт.

Электрондук кол тамганы алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликке төмөнкү документтерди тапшырып кайрылуусу керек:

- электрондук кол тамганы берүүгө арыз;

- Кыргыз Республикасынын паспорту.

Электрондук кол тамга Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Элчилик инновация мамлекеттик кызматтарды алуу процессин кыйла жөнөкөйлөтүп, тездетип, жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу кыларын белгилейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK