Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2023-жылдын 31-августунда, 1-сентябрында Чехиянын Прага шаарында консулдук кызмат көрсөтүлөт
Урматтуу мекендештер,
2023-жылдын 31-августунда, 1-сентябрында Чехиянын Прага шаарында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук кызмат боло тургандыгын маалымдайбыз.
Консулдук кабыл алууга жазылуу үчүн Консулдук бөлүмдүн төмөнкү электрондук почтасына kyrgyz.consul.vienna@gmail.com толук аты-жөнүңүздү жана кандай консулдук кызматка мажбур экендигиңизиң тууралуу арызңызды жазуу түрүндө жөнөтүүнү өтүнөбүз.
Элчиликтин Консулдук бөлүмү консулдук-укуктук маселелер боюнча төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
- Нотариалдык иш-аракет;
- Жалпы жарандык (чет элдик) жана ID паспортторун алуу/алмаштыруу;
- Кыргыз Республикасынан документтерди (маалымкат) талап кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук каттоого алуу.
Консулдук кызмат көрсөтүү төмөнкү даректе өтөт: Revoluční 762/13, 110 00 Прага 1, 513-кабинет, 5-кабат.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №133 Токтомуна ылайык, консулдук кызмат көрсөтүүлөрүнүн акы төлөө түзүмүнө жаңы өзгөртүүлөр киргизилгенине көңүл бургубуз келет. Элчилик/Башкы консулдук жок жерлерде аталган чет өлкөлүк мекемесинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары көп жашаган жерлерге баруу менен консулдук кызмат көрсөтүлгөн болсо, алынуучу каражаттардын суммасы 200%га көбөйөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү электрондук дарек: kyrgyz.consul.vienna@gmail.com же +43-1-535-03-19-15 телефон аркылуу Элчиликтин иш убактысында (саат 09:00дөн 12:30га чейин жана 13:30дан 18:00ге чейин, дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары) биз менен байланышсаңыздар болот.
Зарыл болгон документтердин тизмеси менен алдын ала таанышууңуздарды суранабыз.
Сиздин алдын ала катталууңуз талап кылынат!