Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо

48

Урматтуу мекендештер,

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигинин жана Вена шаарындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн жалпы жамаатынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан улуттук майрамыбыз – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мамлекетибиздин көз карандысыздыгы – биздин эң чоң сыймыгыбыз жана аталардан калган ыйык таберигибиз. Ошол себептен Эгемендүүлүгүбүздүн 32 жылдык мааракесин жакшы ниеттер жана асыл ойлор менен тосуп алалы. Кыргызстан мындан ары да өсүп өркүндөй берсин, асманыбыз ар дайым ачык болсун.

Учурдан пайдаланып, Сиздерге чың ден соолук, бейпилдик, ырыскы жана бакубатчылык каалайм.

 

Аткарылып элдин үмүт тилеги,

Желбиреди эркиндиктин желеги.

Бизге жеткен ата салтын, мурасын,

Ыйык сактап урпактарга берели.

 

              Урматтоо менен,

  Элчи                                                                                                             Төлөндү Макеев

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK