2023-жылдын 14-15-ноябрында «Мекендештер-2023» форумун Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө

36

Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан 2023-жылдын 14-15-ноябрында Бишкек шаарында «Мекендештер-2023» форумун өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдайт. 

Ушуга байланыштуу Элчилик Австрия, Чехия жана Словакия өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспорасынан өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган мекендештерге Форумга катышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Эгерде Форумга катышууга кызыкдар болсоңуз, ушул жылдын 15-октябрын камтуу менен https://forms.gle/spTmb2Vg4R4LMCJMA шилтеме аркылуу каттоодон өтүп же төмөнкү координаттар аркылуу Элчиликке кайрылсаңыз болот:

Элчиликтин дареги: Invalidenstraße 3/8, 1030 Vienna, Австрия;

Телефон номери: +43 1 535 03 79 15;

Электрондук дарек: kyrgyz.consul.vienna@gmail.com

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK