Элчилик “Маданият аралык узак түндөр-2023” маданий фестивалына катышты

79

2023-жылдын 18-сентябрынан 24-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги кыргыз диаспорасы менен биргеликте Эл аралык маданий ар түрдүүлүк уюму (ICDO) тарабынан жыл сайын өтүүчү “Маданияттар аралык узак түндөр-2023” маданий фестивалына катышты.

Фестивалдын алкагында Вена мэриясынын тарыхый имаратынын Фестсаалынын башкы гала-залында «Дүйнөнүн кийимдери» аттуу шоу өттү, анда 35тен ашуун өлкөдөн келген дүйнө элдеринин 100дөн ашуун салттуу кийимдери көрсөтүлдү. Кыргызстан кыргыздын улуттук оюм-чийимдери менен кооздолгон табигый кийизден колго жасалган кийимдерди жалпы элге тартуулады.

Кыргызстандын көргөзмө стендине ошондой эле элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түрлөрү, Кыргызстан тууралуу иллюстрацияланган басылмалар, туризм боюнча буклеттер жана каталогдор коюлду.

Фестивалдын коноктору таттууларды жана кыргыздын улуттук ашканасынын салттуу тамактарын: боорсок, чак-чак, самса, курут жана кургатылган жемиштерди татып көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Фестивалда ошондой эле «Туруктуу ар түрдүүлүк: Климаттын өзгөрүшүнө каршы жакшыраак дүйнө түзүү үчүн биздин айырмачылыктарды кабыл алуу» аттуу Эл аралык көргөзмө уюштурулуп, кыргыз сүрөтчүсү, Вена сүрөт академиясынын аспиранты, С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайынын мурдагы директору Настар Мамай төмөнкү үч сүрөтүн тартуулады: «Жылдыздын төрөлүшү», «Космостук эволюция» жана “Планеталардын кыймылы”.

Маалымат үчүн: “Маданияттар аралык узак түндөр” маданий фестивалы жыл сайын сентябрда ЮНЕСКОнун Австриялык комиссиясынын колдоосу астында музыка, колдонмо көркөм өнөр, сүрөт, дүйнө элдеринин салттуу кийимдери, фильмдер жана башка көптөгөн окуялар аркылуу Венанын маданий көп түрдүүлүгүнүн биримдигин көрсөтүү максатында өткөрүлөт. Бул фестиваль дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн жана элдеринин маданияттарын бириктирип, ошону менен өз ара түшүнүшүү, толеранттуулук жана руханий баюу үчүн бирдиктүү мейкиндикти түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK