2023-жылдагы Вена миграция конференциясы жөнүндө

72

2023- жылдын 10-11-октябрында Вена шаарында (Австрия) миграция маселелери боюнча эл аралык конференция болуп өттү.

Кыргызстандын делегациясын Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Н.С.Базарбаев жетектеди.

Конференциянын ишине 250 мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана миграция маселелери боюнча эксперттер катышышты. Эки күндүк талкуулардын ичинде миграциялык саясаттын актуалдуу маселелери жана негизги тенденциялары, кызматташтыктын жана өнөктөштүктүн негизинде натыйжалуу миграциялык саясатты иштеп чыгууда практикалык өз ара аракеттенүүнүн перспективалары каралды.

Жогорку деңгээлдеги иш-чарада Европа комиссиясынын вице-президенти Маргаритис Схинас, Австриянын аялдар, үй-бүлө, интеграция жана медиа боюнча федералдык министри Сюзанна Рааб, Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая, Грециянын миграция жана башпаанек министри Дмитрий Кайридис, Швециянын миграция министри Мария Малмер Стенергард сөз сүйлөштү.

Конференциянын жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Эл аралык борбордон аталган документке башкы директор, Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча мурдагы федералдык министри Михаэль Шпинделеггер, кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Н.С.Базарбаев кол койду.

Бул Меморандум өз ара колдоону бекемдөө, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тараптардын компетенциясына кирген бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүү үчүн алкактык шарттарды түзөт.

Меморандумдун негизги максаты Кыргыз Республикасындагы миграцияны натыйжалуу башкарууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Меморандумда ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эгидасы астында мигранттар үчүн Ресурстук борборду түзүү каралган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK