Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри А.Шалленберг менен жолугушуусу болуп өттү

51

2023-жылдын 23-октябрында Люксембург шаарында ЕБ-БА тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Александр Шалленберг менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды мүмкүн уюштуруу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында БУУнун алкагында тоо маселелери боюнча активдүү консультацияларды өткөрүүгө жана бул багытта биргелешип иштөөнү активдештирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты.

Министр Ж.Кулубаев маектешин эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK