КР БШК башчысы Вена шаарындагы БДИПЧ ОБСЕ эл аралык семинарынын ишине катышты

53

2023-жылдын 24-октябрында Вена (Австрия) шаарында «Шайлооллорго байкоо жүргүзүү жана шайлоо администрацияларын ишин баалоо» темасында БДИПЧ ОБСЕ эл аралык семинары облуп ѳттү. Бул иш-чараны семинардын катышуучуларына расмий видео кайрылуу жасоо менен БДИПЧ ОБСЕ директору Маттео Мекаччи ачты.

Семинардын ишине Борбордук Азия аймагынын жалгыз ѳкүлү катары БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекова катышып, шайлоо реформасында шайлоолорду башкаруунун негизги принциптерин жүзѳгѳ ашырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ролу жѳнүндѳ баяндама жасады. Өзүнүн чыгып сүйлѳгѳн сѳзүндѳ ал семинардын катышуучуларына шайлоону укуктук жактан ѳркүндѳтүү, мыйзамдуулукту жана шайлоонун, шайлоочулардын эсебин алуу системасынын коопсуздугун камсыз кылуу, жер-жерлерде билим берүү программасын ишке ашыруу жолу менен калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча Кыргызстанда кабыл алынып жаткан чаралар жѳнүндѳ баяндады.

Семинардын жүрүшүндѳ ошондой эле ОБСЕ каатышкан мамалекеттьердин расмий ѳкүлдѳрүнүн, эксперттердин баяндамалары угулуп, тѳмѳндѳгү эки маселе боюнча эки жумушчу жыйындын алкагында пикир алышуулар болду:

•Эл аралык милдеттенмелер, ОБСЕ милдеттенмелери жана башка стандарттар, ошондой эле шайлоону уюштурууда колдонулуучу принциптер.

• Шайлоону уюштурууда негизги принрциптерди жүзѳгѳ ашырууда шайлоону уюштурган органдардын жана башка кызыктар тараптардын ролу.

Кыргызстан менен бирге шайлоо процессиндеги оң тажрыйбалар жана алдыкы практикалар тууралуу Түндүк Макендониянын, Румыниянын жана башка ѳлкѳлѳрдүн ѳкүлдѳрү бѳлүшүштү.

Ошону менен бирге семинар шайлоону натыйжалуу уюштурууга арналып, делегацияларга, шайлоо боюнча эксперттеге, шайлоо органдарына, жарандык коомдун ѳкүлдѳрүнѳ жана ОБСЕ катышкан мамлекеттердин башка кызыктар тараптарына шайлоолордун мыйзамдуулугун, ачык-айкындыгын жана инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ОБСЕ алкагында колдонулган милдеттенмелерди жана демократиялуу шайлоолордун стандарттарын практикалык жактан жүзѳгѳ ашырууга байланышкан конкреттүү кѳйгѳйлѳрдү талкуулоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берди, муну ОБСЕ айдыңында шайлоо процесстерин ѳркүндѳтүүдѳ семинардын катышуучуларынын конкреттүү оң салымы катары караса болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK