Вена шаарында кыргыз-австриялык тегерек стол өткөрүлдү

91

2024-жылдын 8-мартында Вена шаарында Австрия Республикасынын Федералдык Экономикалык палатасында Элчиликтин көмөгү менен туризм боюнча Кыргыз-австриялык тегерек стол болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын 25 адамдан турган делегациясын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Н.Б.Минбаев жетектеди. Тегерек столго Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясынын президенти Салтанат Мидин кызы менен бирге өлкөнүн алдыңкы туристтик компанияларынын жана туроператорлорунун жетекчилери катышышты.

Австрия тарабынан аталган иш-чарага Австриянын Федералдык Экономикалык палатасынын Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Косима Штайнер, Австриянын туристтик агенттиктер жана туроператорлор ассоциациясынын төрагасы Грегор Каданка, Австриянын федералдык жерлери Жогорку Австрия жана Каринтиядагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдары В.Брембергер жана К.Муттонен, ошондой эле Австриядагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз тарабы видеотасмаларды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы менен тааныштырды, Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан келген туристтик компаниялардын жетекчилери австриялык кесиптештеринин чоң кызыгуусун жараткан мазмундуу презентацияларды жасашты.

Австрия тарабы, өз кезегинде, Австрияда туризмди өнүктүрүүнүн стратегиясы жана негизги багыттары тууралуу кеңири маалымат менен бөлүштү. Тегерек стол B2B форматындагы жолугушуулар менен аяктады. Сүйлөшүүлөрдө практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана туризм чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде эки өлкөнүн конкреттүү региондору ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн Австриянын Федералдык жерлерине өз ара таанышуу сапарларды уюуштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Австриялык туризм тармагындагы өнөктөштөрдүн Кыргыз Республикасына биринчи сапары ушул жылдын апрель айынын ортосунда болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK