Вена шаарындагы Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнүнө арналган "Куралдан адамдардын жоготууларын азайтуу" темасында семинар тууралуу

98

2024-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Венадагы эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Куралсыздануу маселелери боюнча башкармалыгынын Венадагы кеңсеси менен биргеликте "Куралдан адамдардын жоготууларын азайтуу" темасында семинар уюштурду. Бул иш-чара Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнүнө арналган жана Вена Дипломатиялык академиясында гибриддик форматта БУУга мүчө мамлекеттердин, илимий чөйрөлөрдүн жана жаштардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Венадагы эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Т.Макеев саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөдү.

Өз сөзүндө КР Туруктуу өкүлү дүйнөлүк коомчулук туш болгон заманбап чакырыктарга, анын ичинде дүйнөнүн аскердик-саясий парадигмасын өзгөртүүгө жана адамзатка коркунуч алып келиши мүмкүн болгон жаңы технологияларга көңүл бурду.

Ал ошондой эле 2023-жылдын декабрында жайылтпоо маселелери боюнча көп тараптуу келишимдерди бекемдөөнүн алкагында Борбордук Азиядагы ядролук куралдан эркин зона менен Африканын ядролук куралсыз зонасынын (ОПАНАЛ) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлгандыгын маалымдады.

Жыл сайын эл аралык күндү белгилөө маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүүгө жана куралсыздандыруу жана жайылтпоо маселелерин жалпы билим берүү программаларына киргизүүгө түрткү берерин баса белгиледи. Кыргызстандын тынчтыкка, зордук-зомбулукка жана массалык кыргын салуучу куралдардын таралышына жол бербөөгө умтулганына ынандырды.

БУУнун куралсыздандыруу маселелери боюнча башкармалыгынын Венадагы кеңсесинин башчысы Ребека Йовин айым (Rebecca Jovin) Кыргызстанга эл аралык күндү жарыялоо демилгеси жана мындай иш-чараларды экинчи жылы биргеликтүү  өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын 7-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп, 5-мартты Куралсыздандыруу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнү деп жарыялоо жөнүндө резолюция кабыл алган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK