КР өкүлүнүн баңги заттар боюнча комиссиянын 67-сессиясынын жаштар форумуна катышуусу жөнүндө

129

Кыргызстандын өкүлү, борбор калаадагы орто мектептин окуучусу А.Исабекова 2024-жылдын 12-мартынан 14-мартына чейин Венадагы БУУ БКБнын штаб-квартирасында БУУнун Баңги каражаттар боюнча комиссиясынын (КНС) алкагында салтка айланган Жаштар форумуна катышты.

Жаштар форуму жыл сайын БУУ БКБ мүчө мамлекеттер тарабынан көрсөтүлгөн жана баңги заттарды колдонуунун алдын алуу, ден соолукту чыңдоо жана жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында жигердүү иштеп жаткан бүткүл дүйнөнүн жаштарын чогултат. Аталган иш-чаранын алкагында анын катышуучуларына теңтуштарынын ден соолугун жана жыргалчылыгын кантип  коргоо жана бул маселе боюнча жаштардын биргелешкен билдирүүсүн глобалдык деңгээлдеги саясий лидерлерге кантип жеткирүү боюнча ой, көз караш жана алдыңкы тажрыйба  менен алмашууга мүмкүнчүлүк берилет.

2024-жылы Жаштар форумуна 27 мамлекеттен 35 жаш муундун өкүлдөрү катышты. Үч күндүн ичинде жаштар лидерлери тематикалык дискуссияларга активдүү катышууга, бири-биринин ой-пикирлери жана өз жамааттарынын алдыңкы тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар ошондой эле илимге негизделген алдын алуу боюнча ар кандай сессияларга, интерактивдүү топтук иш-чараларга  жана ошондой эле КНСтин 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментинин параллелдүү иш-чараларына катышуу менен билимдерин  кеңейтишти.

Жаштар форумунун ишинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен  билдирүүсү даярдалып, ал БУУ БКБнын жогорку деңгээлдеги сегментинде расмий түрдө жарыяланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK