Элчиликтин маалыматтык билдирүүсү

74

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылы майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтомуна ылайык, 21-марттан тартып 24-мартка чейинки күндөр жумуш эмес күндөр деп жарыяланган.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы Элчилиги көрсөтүлгөн күндөрү жарандарды консулдук кабыл алуу иштерин жүргүзбөйт.

Ошону менен бирге, Элчиликте тез арада юридикалык жана консулдук жардам алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгон учурларда мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү максатында, ишеним телефону аркылуу байланышса болот: +43 667 768 72 95.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK