2020-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Бакыт Джусупов жыл сайын өтүүчү Австриянын Президенти Ван дер Беллен менен жолугушууга өлкөдөгү аккредитацияланган элчилер менен бирге катышты.

4211

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Б.Джусупов Австриянын Президентине эки өлкөнүн эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүүгө жасалган кадамдар тууралуу, ошондой эле Кыргызстандын ички саясий жана ички экономикалык абалы тууралуу кыскача маалымдады.

Элчи Австриянын Президенти Александер Ван дер Белленге Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун жолдоп, өлкөбүздүн тышкы саясат ведомствосунун алдына коюлган тапшырмалар тууралуу айтып берди. Ѳзгөчө, приоритеттүү жана жаңы багыт катары экологиялык дипломатия экендиги баса белгиленди. Австриянын Президенти Кыргызстан менен Австриянын окшоштугун белгилеп, айрыкча, эки өлкөнүн климаттык өзгөрүүсүнүн маселелерин, курчаган айлананы коргоодогу, анын ичинде, мөңгүлөрдүн эрүүсүнө каршы күрөшүүдөгү маселелерди чечүүдөгү биргелешип иштөөсүнө кызыкдар экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK