2020-жылдын 15-19-июну аралыгында Вена шаарында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Башкаруучулар кеңешинин 1542-сессиясы виртуалдык форматта өттү.

3804

2020-жылдын 15-19-июну аралыгында Вена шаарында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Башкаруучулар кеңешинин 1542-сессиясы виртуалдык форматта өттү.

МАГАТЭнин Башкы директору Рафаэль Гросси өз сөзүндө,                COVID-19 пандемиясынын өнүгүшүнө карабастан, Агенттик өзөктүк материалдарды кыянаттык менен пайдалануунун жана башка максаттарда ядролук технологияны колдонуунун алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын колдонууну улантып жаткандыгын айтты.

Зооноздук оорулардын козгогучтарын аныктоого, мониторинг жүргүзүүгө жана эрте табууга багытталган ZODIAK долбоору ("Зооноздук оорулар менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер") боюнча МАГАТЭнин жаңы демилгеси жөнүндө Башкы директору маалымдады.

Кыргыз Республикасынын делегациясы МАГАТЭнин Башкаруучулар кеңешинин сессиянын күн тартибиндеги үч маселе боюнча сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын МАГАТЭдеги Туруктуу өкүлү Бакыт Джусупов Техникалык кызматташуу программасы өзөктүк энергияны тынчтык жолу менен колдонууга көмөктөшүү үчүн маанилүү кызматташтык механизми экендигин белгиледи. Ал Башкы директорго пандемиянын өнүгүшүндө Кыргызстанга көрсөтүлгөн тез жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Туруктуу өкүл Б.Джусупов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын “Табияты чек араларды билбейт: чек ара кызматташтыгы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануунун негизги фактору” аттуу резолюциянын долбоору боюнча Кыргызстандын демилгеси жөнүндө Кеңешке маалымат берди. Ошону менен бирге БУУга мүчө мамлекеттерди долбоордун демөөрчүсү катары катышып жана демилгени колдоп үндөдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK