Информационное сообщение о проведении на территории Австрийской Республики (Посольстве КР в Австрии) предстоящих выборов депутатов Жогорку Кенеша КР

3598

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилиги тарабынан 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу максатында уюштурулган иш-чаралардын алкагында сиздерге төмөнкүлөрдү билдиребиз:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жарандары консулдук каттоодон жана биометрикалык каттоодон өтүүгө тийиш.

Башта биометрикалык каттоодон өтпөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык маалыматтарын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде тапшыра алышат.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоого жеке жана дистанциондук түрдө каттала алышат.

Жеке кайрылуунун негизинде консулдук каттоого туруу үчүн, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту менен каттоо карточкасынын сүрөтүн берүү керек.

Консулдук каттоого дистанциондук түрдө катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган документтердин тизмесин сканерленген түрүндө (түстүү сүрөт электрондук түрдө берилет) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин расмий электрондук дарегине жөнөтө алышат.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган каттоо картасын анын электрондук версиясын чет өлкөдөгү мекеменин расмий веб-сайтынан жүктөп алуу менен толтурушат.

2. Консулдук каттоодон өткөн жана 2020-жылдын 8-июлуна чейин биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын 15-июлунан тартып (добуш берүү күнүнө 80 календарлык күн калганда) www.tizme.gov.kg веб-сайтындагы шайлоочулардын жаңыланган алдын ала тизмеси менен, ошондой эле 2020-жылдын 25-июлунан тартып дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

4. Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, участоктук шайлоо комиссиясына №2 форма боюнча арыз берүү менен, жашаган жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүү жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү үлгүдөгү арыздарды 2020-жылдын 19-сентябрына чейин (добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен) берүүгө укуктуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK