Кыргызстан жана БАЭ Экономика кызматташуу боюнча ϴкмѳттѳр аралык комиссиянын биринчи жыйынын ѳткѳзүштү

4248

2019-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ж.Разаков жана Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Султан бин Саид Аль Мансуринин тең-тѳралагалык алдында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Экономика кызматташуу боюнча ϴкмѳттѳр аралык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү.

Жыйын маалында соода-экономикалык жана инвестициялык эки тараптуу кызматташуунун кеңири багыттары талкууланды.

Кыргыз тарап эмираттык инвесторлорду Кыргыз Республикасында жигердүү инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзүүгѳ жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясынын алкагында экономикалык долбоорлорго кѳңүл бурууга чакырып кетти.

Тараптар ошондой эле эки мамлекеттин бизнес-коомчулуктарын бири бири менен тааныштыруу, байланышты түзүү жана кызматташтыкты ѳнүктүрүүгѳ багытталган биргелешкен ишкердик иш-чараларды уюштуруу суроолорун талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ж.Разаков жана Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Султан бин Саид ал Мансури Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Экономика кызматташуу боюнча ϴкмѳттѳр аралык комиссиянын биринчи жыйынынын Протоколуна кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK