2021-жылдын 25-26-октябрында Даниянын Королу Маргрете II айымга Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинин алкагында резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев, Даниянын Парламентинин депутаты Питер Жуэль-Йенсен мырза, Даниянын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү саясаты боюнча мамлекеттик катчысы Лотте Мэкон айым жана Евразиялык коңшулук департаментинин директору Ларс Бо Мөллер мырза менен жолугушууларды өткөрдү

2549

2021-жылдын 25-26-октябрында Даниянын Королу Маргрете II айымга Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинин алкагында резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев, Даниянын Парламентинин депутаты Питер Жуэль-Йенсен мырза, Даниянын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү саясаты боюнча мамлекеттик катчысы Лотте Мэкон айым жана Евразиялык коңшулук департаментинин директору Ларс Бо Мөллер мырза менен жолугушууларды өткөрдү.

Жогорудагы жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Дания Королдугунун ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү, өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн экономикасынын ар кандай чөйрөлөрүнө инвестицияларды тартуу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын мынданг ары жайылышына каршы күрөшүү маселелери каралды.  Эл аралык өнүктүрүү Даниянын агенттиги (DANIDA) менен кызматташууну кайра жандандыруу, санариптештирүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташуу боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

 Мындан тышкары, тараптар 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган “Европа Бирлиги – Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумун талкуулашты. Кыргыз тарап Дания Королдугунан делегациянын жогорудагы форумга катышуусун күтөөрүн Элчи Эрлан Абдылдаев белгиледи.

Тараптар кыргыз-дания мамилелерин өнүктүрүү үчүн байланыштарды бардык тараптан активдештирүү зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK