2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Ө.Ч.Текебаев Цвиккау шаарындагы Батыш-Саксония прикладдык илимдер университетинин ректору профессор Штефан Кассель менен жолугушту.

739

2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Ө.Ч.Текебаев Цвиккау шаарындагы Батыш-Саксония прикладдык илимдер университетинин ректору профессор Штефан Кассель менен жолугушту.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Цвиккау шаарындагы Батыш Саксония прикладдык илимдер университети менен өнөктөштүктө түзүлгөн Бишкектеги Кыргыз-Герман прикладдык информатика институту кыргыз-герман кызматташтыгынын маданий-гуманитардык чөйрөдөгү ийгиликтүү долбоорлорунун бири экенин канааттануу менен белгиледи. Маалыматтык технологиялар тармагында адистерди даярдоо боюнча эки университеттин ортосундагы кызматташтык 2004-жылдан бери уланып келет.

Ректор Штефан Кассель Цвиккау шаарындагы Батыш Саксония прикладдык илимдер университети менен Кыргызстандын бир катар университеттеринин ортосунда кызматташуу түзүлгөндүгүн белгиледи. Ал Цвиккау шаарындагы Батыш Саксония прикладдык илимдер университети менен Кыргыз-герман прикладдык информатика институтунун ортосундагы кызматташтыкка оң баа берип, келечекте жогоруда аталган Германия университетинин Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары менен эки тарапты кызыктырган ар тʏрдʏʏ багыттар боюнча кызматташуусун кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө кош дипломду таануу маселеси да талкууланды.

Элчи Ө.Ч.Текебаев университетте болгон учурда Цвиккау шаарындагы Батыш Саксония прикладдык илимдер университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, алардын окууларына ийгиликтерди каалады. Жолугушууда белгиленгендей, маалыматтык технологиялар тармагындагы кыргызстандык бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда гана эмес, Германиянын алдыңкы компанияларында да абдан керектʏʏ.

Маалымат үчүн: Цвиккаудагы Батыш Саксония прикладдык илимдер университетинде дээрлик 50 өлкөдөн 3800гө жакын студент билим алат. Университетте 50 түрдүү багыт боюнча билим берүүчү сегиз факультет бар. Кыргыз-Германия прикладдык информатика институтунун (КГПИИ) Цвиккау шаарындагы Батыш-Саксония прикладдык илимдер университети менен кызматташуусу мурдагы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети менен Цвиккаудагы Батыш-Саксон прикладдык илимдер университетинин ортосундагы 2004-жылдагы Макулдашуунун негизинде ишке ашырылат. 100дөн ашык студент Цвиккаудагы Батыш Саксония прикладдык илмидер университетинде билим алып, Германияда жумушка орношушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK