23-январда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германияга иш-сапары менен келген КРнын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев менен жолугушту.

403

23-январда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германияга иш-сапары менен келген КРнын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев менен жолугушту.

Жолугушууда германиялык компаниялар менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарына инвестиция тартуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Ушул эле күнү У.Темиралиев жана Ө.Текебаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору жана Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар германиялык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушушту.

Жолугушууга төмөнкү компаниялардын өкүлдөрү катышты: Claas (айыл чарба техникасынын негизги өндүрүүчүсү), Deutsche Bahn (Германиянын темир жолу), Berlin Economics, Messe Berlin, Agribusiness Alliance (айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай компанияларынын ассоциациясы) жана Malcon Investment & Projects.

 Жолугушууда У.Темиралиев немис компанияларына энергетика, айыл чарба, туризм, IT индустрия, медицина жана инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча долбоорлордун презентациясы менен Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды.

Элчилик ушул жылдын 24-27-январы аралыгында КРнын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору У.Темиралиевдин Саксония, Бавария жана Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жерлеринин мамлекеттик органдарынын жана компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларын иштеп чыкты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK