24-январда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Азербайжан Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Насими Агаев менен жолугушту.

419

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын Германия менен болгон азыркы эки тараптуу кызматташтыгы жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү пландары боюнча ой бөлүшүштү. Дипломатиялык мекемелердин жетекчилери өз ара аракеттенүү жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди биргелешип алдыга жылдыруу максатында тыгыз байланышта болууга макулдашышты.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Азербайжандын эл аралык уюмдардын, анын ичинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы кызматташуусу боюнча пикир алышышты. Буга байланыштуу тараптар Борбор Азия жана түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен иш-чара уюштурууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK