2023-жылдын 18-мартында Нооруз жаз майрамын утурлай, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинде Германиянын жаратылышты коргоо уюму (Naturschutzbund Deutschland - NABU) тарабынан уюштурулган “Ак илбирстин экспедициясы” көргөзмөсү болду.

155

Иш-чарага Германиянын ар кайсы аймактарынан келген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана алардын балдары, Берлинде жашаган немис достор катышты.

NABU кызматкерлери Кыргызстанда жана ак илбирс жашаган башка өлкөлөрдө ак илбирсти жана жапайы жаратылышты коргоого арналган көргөзмөгө экскурсия уюштурушту.

Балдар үчүн көргөзмөнүн уюштуруучулары өзүнчө программа түзүп, анда балдар Кыргызстандын бийик тоолорунда жашаган ак илбирстер тууралуу маалымат алып, ак илбирс тууралуу төш белгилерди өз колдору менен жасашты.

NABU көргөзмөсү “Ак илбирстин экспедициясы” Элчиликте 2023-жылдын апрелинин аягына чейин уланат. Бул көргөзмө NABU долбоору боюнча ак илбирсти коргоо боюнча маалымат берүүгө гана эмес, ошондой эле Германиянын жашоочуларынын көңүлүн Кыргызстандын туристтик потенциалына бурууга да салым кошот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK