2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бавария Федералдык аймагынын Гроссвайл шаарында 1-бургомистри Франк Бауэр менен жолугушту.

57

2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бавария Федералдык аймагынын Гроссвайл шаарында 1-бургомистри Франк Бауэр менен жолугушту. Жолугушууда гидроэнергетика жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Гроссвайлдын жанындагы Лойзах жергесинде жайгашкан шахталык электр станциясына барды. Бул электр станциясы Бавариянын бул жергесинде ийгиликтүү колдонулуп жатат. 2020-жылы ишке киргенден бери станция бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин 6,2 миллион киловатт-сааттан ашык электр энергиясын өндүрүп, 800гө жакын үй-бүлөнү таза энергия менен камсыз кылган.

Азыркы учурда Мюнхен техникалык университети Кыргызстанда эки мегаваттык шахталык электр станциясын курууну камтыган HYDRO4U долбоорун координациялоодо. Долбоордун максаттарынын бири - Борбордук Азияда инновациялык европалык чакан гидроэнергетикалык технологияларды иштеп чыгуу жана аны көрсөтүү болуп саналат. Бул ГЭСтин долбоору үнөмдүү жана экологиялык жактан таза.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Гроссвайл шаарында болгон учурунда Бавариянын Кызыл Крестине караштуу социалдык мекемеде да болуп, бул мекеменин иши менен таанышты. Директору Мартин Хербер менен жолугушууда Элчи Бавариянын социалдык мекемелеринде Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулады. Жолугушууга үч жылдык окуудан өтүп, бул мекемеде иштеген кыргызстандыктар да катышты.

Элчи Ө.Ч.Текебаевдин Гроссвайлга сапарын уюштуруу Германияда жашаган мекендешибиз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Миграция кеңешинин коомдук өкүлү Бермет Абдрахманованын көмөгү менен мүмкүн болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK