2023-жылдын 23-апрелинде Берлиндеги кыргыз-немис маданий коому тарабынан уюштурулган Бранденбург Федералдык аймагынын Потсдам шаарында жыл сайын өтүүчү Нооруз - жаз майрамы болуп өттү.

43

2023-жылдын 23-апрелинде Берлиндеги кыргыз-немис маданий коому тарабынан уюштурулган Бранденбург Федералдык аймагынын Потсдам шаарында жыл сайын өтүүчү Нооруз - жаз майрамы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев жана Элчиликтин кызматкерлери үй-бүлө мүчөлөрү менен, Берлин жана Потсдам шаарларынын тургундары, Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле Берлиндеги казак диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Майрам Потсдам шаарынын борбордук сейил багында жайгашкан “Nomadenland” боз үй айылында уюштурулду. Боз үй айылынын башчысы Маттиас Михель шаардык сейил бакка келген конокторго анда жайгашкан үч кыргыз боз үйүндө кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын сунуштап келет.

Майрамдын жүрүшүндө келген конокторго мекендешибиз Гүлсана Отаханованын аткаруусундагы кыргыз бийи тартууланды. Ошондой эле конокторго кыргыздын улуттук тамак-аштары сунушталып, кыргыздын улуттук оюндары уюштурулду.

Мындай иш-чараларды өткөрүү эки өлкөнүн маданиятынын жакындашына жана кыргыз маданиятынын немис жеринде таанылышына өбөлгө түзөт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK