2024-жылдын 26-январында Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин «АКА Банктын» Башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушуусу болуп өттү

46

2024-жылдын 26-январында Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин «АКА Банктын» Башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандагы банк тутумунун өнүгүүсү тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасындагы банк жана финансы системасын өнүктүрүү максатында, анын ичинде экспорттук каржылоо маселелери боюнча «АКА Банк» менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

М.Венчик германиялык банктын Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар 2024-жылдын апрель айында Майндагы Франкфурт шаарында эки өлкөнүн банк жана каржы секторлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда форум өткөрүүнү макулдашышты.

Маалымат үчүн: AKA Bank (Ausfuhrkredit-Gesellschaft mbH – Экспорттук-кредиттик корпорация) – 1952-жылы банктардын ири филиалдарын, ири аймактык жана мамлекеттик банктарды, ошондой эле Майндагы Франкфурт шаарында жайгашкан Германиянын алдыңкы жеке банктарын бириктирүү аркылуу түзүлгөн. Бул Германиянын экспортун каржылоо жана кредиттик линияларды камсыз кылуучу адистештирилген экспорттук финансы банкы.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK