2024-жылдын 25-январында Гессен Федералдык аймагынын Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германиянын ири банкы „Commerzbank AG“ Топтук кредиттик тобокелдиктерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы Стюарт Р.Каравей менен жолугушуусу болуп өттү

59

2024-жылдын 25-январында Гессен Федералдык аймагынын Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германиянын ири банкы „Commerzbank AG“ Топтук кредиттик тобокелдиктерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы Стюарт Р.Каравей менен жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Ө.Текебаев кыргыз тараптын “Commerzbank AG” менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Кыргызстандын банктары үчүн бул банкта корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Элчи Кыргызстан менен Германиянын банк жана каржы секторлорунун өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү каралып жаткандыгын билдирди жана банктын өкүлдөрүн бул иш-чарага катышууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар “Commerzbank AG” менен кызыкдар багыттарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK