2024-жылдын 5-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Бавария Федералдык аймагынын Экономика, мамлекеттик өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин Мамлекеттик катчысы Тобиас Готхардт менен жолугушуусу болуп өттү

78

2024-жылдын 5-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Бавария Федералдык аймагынын Экономика, мамлекеттик өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин Мамлекеттик катчысы Тобиас Готхардт менен жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Ө.Текебаев кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча маалымат берип, Кыргыз Республикасы менен Бавария Федералдык аймагынын ортосундагы экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар экономиканын өз ара кызыкчылык туудурган ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде иш менен камсыз кылуу маселелерин кеңири талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен Бавариянын ортосунда экономикалык чөйрөдө биргелешкен бизнес-форум жана иш сапарларын өткөрүү боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK