2024-жылдын 6-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Мюнхен жана Жогорку Бавариянын Соода жана өнөр жай палатасынын Башкармалыгынын мүчөсү, Эл аралык байланыштар, өнөр жай жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Кристоф Ангербауэрдин жолугушуусу болуп өттү

84

2024-жылдын 6-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Мюнхен жана Жогорку Бавариянын Соода жана өнөр жай палатасынын Башкармалыгынын мүчөсү, Эл аралык байланыштар, өнөр жай жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Кристоф Ангербауэрдин жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Ө.Текебаев Бавария менен Кыргызстандын бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн зарылдыгын белгиледи жана ошондой эле 2024-жылдын күзүндө Мюнхенде биргелешкен бизнес-форум өткөрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Бавария менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды жана өз ара сапарларды өткөрүү маселелерин конструктивдүү түрдө талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK