2024-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Элчиси Мейбуа Шаявонг менен жолугушуусу болду

82

Кыргызстандын тоо демилгелерин илгерилетүү жөнүндө

2024-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Элчиси Мейбуа Шаявонг менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери, тактап айтканда, тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу маселеси талкууланды. Маектештер деңизге чыга албаган тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын, өзгөчө экологиялык коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана тоолуу аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында биргелешип илгерилетүү үчүн эл аралык аренада кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тоолор жер бетинин чоң бөлүгүн ээлейт жана таза суунун, биологиялык ар түрдүүлүктүн жана ресурстардын негизги булагы болуп саналат. Бирок тоолуу өлкөлөр климаттын өзгөрүшү, жерлердин деградациясы жана табигый кырсыктар сыяктуу олуттуу чакырыктарга туш болушат, бул алардын калкынын жашоосуна жана жыргалчылыгына коркунуч келтирет.

Кыргызстан тоолуу өлкө катары тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларды активдүү жана ырааттуу өткөрүп, демилгелерди илгертип келет. Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы дүйнө жүзү боюнча туруктуу тоо өнүгүүсүнө байланышкан маселелерге жана чакырыктарга арналган бир катар резолюцияларды кабыл алды. 2002-жылы Бишкекте биринчи Глобалдык тоо саммити өткөн.

2027-жылы Кыргызстанда экинчи "Бишкек+25" Глобалдык тоо саммити өтөт. Буга байланыштуу Элчи Өмүрбек Текебаев Лаос тарапка алдыдагы саммитке активдүү катышууну сунуштады. Мындан тышкары, Лаос тарапка Бишкек шаарында Глобалдык тоо университетин түзүүгө катышуу сунушталды.

Элчилик тоолуу өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттери тоолуу өлкөлөр туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуп, элдерибиздин туруктуу жана гүлдөп өнүккөн келечегине алып келээрине ишенимин билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK