2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын Федералдык Ички иштер министерлигинин PI7 «Борбордук жана Чыгыш Европа, КМШ жана Балтика өлкөлөрүндөгү немис азчылыктары» бөлүмүнүн башчысы доктор Франка Фюлленин жолугушуусу болуп өттү

67

2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын Федералдык Ички иштер министерлигинин PI7 «Борбордук жана Чыгыш Европа, КМШ жана Балтика өлкөлөрүндөгү немис азчылыктары» бөлүмүнүн башчысы доктор Франка Фюлленин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын немис улутундагы жарандарынын маселелери боюнча Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев өлкөнүн көп улуттуу элин сактоо жана бекемдөө боюнча Кыргызстан ырааттуу саясат жүргүзүп жатканын белгилеп, кыргыз-герман кызматташтыгын чыңдоодо Кыргызстандагы этникалык немистердин ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Доктор Франка Фюлле тийиштүү кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы ийгиликтүү кызматташууну канааттануу менен белгилеп, Германия Өкмөтү Кыргызстандагы этникалык немистерге колдоо көрсөтүү ишин уланта тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK