2024-жылдын 22-мартында Гамбург шаарында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Германиядагы Элчилеринин Гамбургдагы кайра жаралуучу энергия кластеринин башкаруучу директору Ян Риспенс менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууну Гамбургдун Соода палатасы уюштурду

133

2024-жылдын 22-мартында Гамбург шаарында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Германиядагы Элчилеринин Гамбургдагы кайра жаралуучу энергия кластеринин башкаруучу директору Ян Риспенс менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууну Гамбургдун Соода палатасы уюштурду.

Жолугушууда Ян Риспенс кайра жаралуучу энергия тармагында каржылоо, изилдөө, өндүрүш, долбоорлорду иштеп чыгуу жана юридикалык кеңеш берүү боюнча иш алып барган 250гө жакын германиялык компанияларды камтыган Гамбург энергиянын кайра жаралуучу булактарынын кластеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда күн, шамал жана гидроэнергетика боюнча болгон потенциал тууралуу маалымат берип, Гамбургдагы кайра жаралуучу энергиянын кластерин Кыргызстан менен кызматташууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK