Нью-Делиде Кыргызстандын туристтик роуд-шоусу өттү

1409

2022-жылдын 7-июнунда Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги жана Salvia Promoters менен биргеликте уюштурган Туризм Роудшоу болуп өттү.

Иш-чараны Кыргызстандын Индиядагы элчиси А.Исаевдин куттуктоо сөзү менен ачып, туризм Кыргыз Республикасында экономиканын приоритеттүү тармагы катары таанылганын, жана ошондой эле, анын абалына жана өнүгүүсүнө Өкмөт тыкыр көӊүл бурааарын белгиледи. А.Исаев ошондой эле Кыргызстандын Нью-Делидеги элчилиги Индиянын бардык туристтик агенттиктерине индиялык туристтердин Кыргыз Республикасына баруусу үчүн жакшы шарттарды түзүү аракеттерине колдоо көрсөтүүнү улантарын баса белгиледи.

Аталган Фонддун Президенти Е.Калашникова, ошондой эле фонддун өкүлдөрүнөн турган кыргыз делегациясы роуд-шоуну Кыргыз Республикасынын презентациясы жана анын маданий, тарыхый, спорттук, экстремалдык, иш-чара жана экотуризмге карата көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү менен улантышты.

Мындан тышкары негизги туристтик долбоорлор көрсөтүлүп, Кыргызстандан алынып келинген салттуу суусундуктар жана кургатылган жемиштер коюлган бурч уюштурулду.

Жалпысынан иш-чарага 70ке жакын алдыңкы туристтик компаниялар, ошондой эле индиялык ЖМКнын 10 өкүлү активдүү катышып, мындан аркы туризм тармагындагы кыргызстандык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүгө кызыкдар болушту.

Иш-чаранын коноктору Кыргызстандын туризминин басылып чыккан жарнамалык продуктулары, ошондой эле өлкөнүн бай туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген түркүн түстүү роликтери менен тааныша алышты.

Бүгүн, 8-июнда өлкөнүн туристтик потенциалы Индиянын эң ири шаарларынын бири Мумбайда туроператорлордун кеңири аудиториясына тартууланат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK