Кыргызстандын Индиядагы Элчиси А.Бешимов Индиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин башчысы Аншуман Гаурга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

274

2023-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимов Индиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин башчысы Аншуман Гаурга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-индия достук стратегиялык өнөктөштүктүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты, анын ичинде активдүү саясий диалогду колдоо милдеттерине басым жасалды.

Тараптар ШКУга Индиянын төрагалыгы астында боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттердин уюштуруу-протоколдук бөлүгүн даярдоо боюнча тыгыз байланыштарды улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK