Индия туркомпаниялары Кыргызстандагы туризмге абдан кызыкдар экенин билдиришти

4035

2019-жылдын 20-ноябрында Нью-Делидеги  «Eros Hotel» отелинде «CD Foundation» коомдук фондунун жана «Eros Hotel» мейманканасынын көмөгү менен Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын туристтик дарамети тууралуу интерактивдүү конференция уюштурулган.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси А.Исаев, Кыргызстандан келген делегация-КР Соода-өнөр жай палатасынын, "Авиа Траффик" авиакомпаниясынын, «Maryotel» мейманканасынын, «Банар плюс» курулуш компаниясынын,  «Aska Travel» туристик компаниясынын өкүлдөрү катышышты.

Конференцияга Индия туркомпанияларынын, трэвел журналдарынын, ММКнын,  «Travel Agents Federation of India», «Concord Travels&Tours», «Carnation Holidays», «DDP Publications Private Limited», «Holiday Merchants», «Bariza Events&Holidays», «Wanderlust Travels» сыяктуу кино жаатынын жана башкалардын 50 дөн ашык өкүлдөрү катышышты.

Айрыкча, Кыргызстанга келип кеткен Индия жарандарынын сүйлөгөн сөздөрү конференциянын ажарын ачты.

          КР Элчиси А.Исаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө эки өлкөнүн географиялык жана тарыхый жактан жакындыгын, ошондой эле туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө карата чоң мүмкүндүктөр бар экенин айтып өттү.

Авиакомпаниялардын өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларына өлкөбүздүн популярдуу туристтик багыттары боюнча маалымат беришти.

Элчиликтин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын визалык режими жана Кыргызстанга виза алуу жол-жоболорун кеңири айтып беришти.

Элчи А. Исаев Индиянын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн Кыргыз-Индия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы, тактап айтканда туризм чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү жаатындагы өз ара аракеттенүүлөр тууралуу иш-чаранын жыйынтыгы боюнча берилген суроолоруна жооп берди.

Индиялык туркомпаниялардын өкүлдөрү биздин өлкөгө карата болгон кызыгууларын билдиришти жана ү.ж. декабрь айынын аягында таанышуу иш сапары менен келип кетүүнү пландаштырууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK