Кыргыз эл ансамбли Индияда бир нече маданий иш-чарага катышууда

4997

Индиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин көмөгү менен "Балажан" ЭТРОМБдун алдындагы "Чолпон" элдик ыр-бий ансамбли 2019-жылдын 2-декабрынан 4-декабрына чейин Кыргызстанды, Индиянын Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн 6-эл аралык элдик бий жана музыка фестивалында тааныштырды.

Маданий байланыштар боюнча (ICCR) Индия кеңеши тарабынан уюштурулган бул иш-чарага ошондой эле Казакстан, Венгрия, Түркмөнстан, Тажикстан, Латвия, Армения, Түштүк Африка, Өзбекстан, Марокко жана Афганистан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын эң жаш катышуучусу болгон "Чолпон" элдик ансамбли,индиялыктарга жана чет өлкөлүк көрүүчүлөргө Кыргыз улуттук ыр-бийлеринен турган концерттик программа тартуулашты.

Бул Фестиваль ар кайсы өлкөлөрдүн элдик бийи жана музыкасы аркылуу маданий байланыштарын өнүктүрүү жана бекемдөө максатында уюштурулуп, катышуучулар арасында жагымдуу маанай тартууланды, ошондой эле өлкөлөр аралык достук мамилелерди чыңдоого жолдор ачылды.

Фестивалга катышуучу-өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, анын ичинде Кыргызстандын Индиядагы Элчиси А.Исаев катышты.

Мындан тышкары, "Чолпон" ансамбли 2019-жылдын 5-декабрынан 7-декабрына чейин Индия тараптын чакыруусу боюнча Индиянын Бопал шаарындагы жана  Нью-Делидеги «Lovely Public Sr.Sec.School» мектебиндеги маданий иш-чараларга активдүү катышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK