13-Глобалдык кинофестивалда катышуу

3555

Marwah Studios жана Нойдадагы Эл аралык кино- жана телевизиондук клубунун чакыруусу менен КРнын Индиядагы Элчилиги 2020-жылдын 26-28-ноябрында виртуалдык форматта өткөн 13-Глобалдык кинофестивалга катышты.

Иш чара ICMEI-ММК жана оюн-зоок индустриянын Эл аралык палатасынын колдоосу менен өттү, жана Кыргызстан индо-кыргыз маданият форумунун алкагында фестивалдын өнөктөшү болуп эсептелинди.

Өзүнүн сөзүндө Элчиликтин өкүлү кыргыз кинематографиясынын өнүгүү тарыхы, кыргыз киносунун дүйнөлүк кинематографиядагы орду, кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун кыргыз киносунун калыптанышындагы ролу жана мааниси, жана ошондой эле кино жаатында кыргыз-индия мамилелеринин келечеги тууралуу айтып берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK