2021 - жылдын 29 – январындагы Кыргыз Республикасынын Тегеран шаарындагы Элчилигинин Пресс-релизи

3754

   2021-жылдын 27-январында Тегеран шаарынын Соода-Өнөр жай палатасында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгон мамлекеттердин Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБдин кызматташуусу боюнча Убактылуу келишиминин күчүнө киргендигине  арналган Эл аралык конференция болуп өттү.
Бул форумга, Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер биримдигинин Төрагасы, ЕАЭБ бизнес кеңешинин президиумунун мүчөсү Д.Ибраев жана Кыргызстандын Ирандагы Элчиси А.Абдуразаков катышышты.
   Мындан тышкары, конференцияга Тегеран шаарынын Соода-Өнөр жай палатасынын Төрагасы Масуд ХАНСАРИ, Ирандын Энергетика министри Реза АРДАКАНИЯН, Ирандын экономикалык дипломатия боюнча Тышкы иштер министринин орун басары Сейед Расул МОХАЖЕР, Ирандын Бажы кызматынын Төрагасы Мехди МИРАШРАФИ, Россия Федерациясынын, Казакстандын, Беларусиянын жана  Армениянын Ирандагы элчилери, ошондой эле Ирандын тармактык министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү жана бизнесмендери катышышты.
    Кыргыз Республикасынын делегациясы өз сөздөрүндө бул конференциянын  катышуучуларын  Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен, ошондой эле Иран Ислам Республикасы менен соода-экономикалык кызматташтыгынын өнүгүү абалы менен тааныштыруу менен, ошондой эле ЕАЭБ  бизнес кеңеши жана Тегеран шаарынын Соода-Өнөр жай палатасынын ортосундагы  “Импорттук, экспорттук жана бартердик иштерди жүргүзгөн Иран жана ЕАЭБ компанияларынын бирдиктүү реестрин” түзүү тууралу сунушун киргизишти. Кыргызстандын делегациянын сунушу конференциянын ээлери жана катышуучулары тарабынан колдоого алынып, жыйынтыктоочу документтерге киргизилди.

  • 2021 - жылдын  29 – январындагы  Кыргыз Республикасынын Тегеран шаарындагы Элчилигинин Пресс- релизи

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK