Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Авазбек Абдуразаков Транспорт министринин орун басары, Иран Ислам Республикасынын темир жол башкы башкармалыгынын Төрагасы Саид РАСУЛИ менен жолугушту.

3256

   2021-жылдын 8-февралында Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Авазбек Абдуразаков Транспорт министринин орун басары, Иран Ислам Республикасынын темир жол башкы башкармалыгынын Төрагасы Саид РАСУЛИ менен жолугушту.
    Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанга Иран Ислам Республикасынын темир жол аркылуу жүк ташууда жардам көрсөтүү маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн темир жолдорунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуулашты.
      Темир жол платформаларынын жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөрдү жоюу үчүн, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы вагондордун жүгүртүшүн көбөйтүү максатында Иран тарап “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирип, ошондой эле эки өлкөнүн темир жолдорунун биргелешкен жумушчу тобун түзүү жана  иш-чараларды өткөрүү үчүн керектүү “жол картасын” иштеп чыгуу максатында, темир жол адистери менен биргелешкен онлайн жолугушууларын өткөрүү  тууралуу жана тиешелүү эки тараптуу жана көп тараптуу темир жол келишимдерин даярдоого жана кол коюу максатында  сунуштарды  киргизди.
 

  • Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Авазбек Абдуразаков Транспорт министринин орун басары, Иран Ислам Республикасынын темир жол башкы башкармалыгынын Төрагасы Саид РАСУЛИ менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK