Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын Тышкы иштер министринин экономикалык дипломатия боюнча орун басары Мехди Сафари менен жолугушту

1039

2022-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Турдакун Сыдыков Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин экономикалык дипломатия боюнча орун басары Мехди Сафари менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун динамикасын, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты, сооданын көлөмүн көбөйтүү жана өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн болгон потенциалды жана иштеп жаткан механизмдерди натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти. Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясын Иран рыногуна жылдыруу максатында,КР элчиси Т.Сыдыков Кыргызстандан Иранга айыл чарба продукциясын, анын ичинде этти, төө буурчакты, пахта буласын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Тараптар ошондой эле 2022-жылы Бишкекте биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынын өткөрүүгө көмөктөшүүнү макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK