Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Турдакун Сыдыко Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык саясий изилдөөлөр институтунун Эл аралык мамилелер мектебинин директору, доктор Хади Сулейманпур менен жолугушту

1039

2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Турдакун Сыдыков менен Иран Ислам Республикасын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралыксаясийизилдөөлөринститутунуналдындагы Эл аралык мамилелер мектебинин Директору доктор Хади Сулейманпуур менен жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Т.Сыдыков 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясы менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык саясий изилдөөлөр институтунун ортосунда кол коюлган Меморандумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын студенттери үчүн дипломатиялык курстарды жандандырууну жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кенже дипломатиялык кызматкерлери үчүн дипломатиялык стажировкаларды уюштурууну сунуштады.

Өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык саясий изилдөөлөр институтунун алдындагы Эл аралык мамилелер мектебинин Директору Хади Сулейманпуур кыргыз Элчисинин сунушун колдоп, Ирандын Эл аралык мамилелер мектеби Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлигинин Дипломатиялык Академиясы менен өз ара иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, анын ичинде дипломатиялык курстарды жана кенже дипломатиялык кызматкерлер үчүн стажировкаларды уюштурууга. ошондой эле эки өлкөнүн дипломатиялык окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын тажрыйба алмашуусу боюнча паритеттик негизде кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар билим берүү, маданият, ошондой эле дипломатиялык курстарды уюштуруу жана дипломатиялык кадрларды даярдоо боюнча эки тараптуу паритеттик негизде кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK