КР ЭКМне караштуу Туризм департаментинин делегациясы Тегеран шаарында өткөн 17-эл аралык туризм жана чектеш тармактар көргөзмөсүнө (TITE-2024) катышты

125

Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары К.Кенжематова баштаган делегация ушул жылдын 12-13-февралында Тегеран шаарында өткөн 17-эл аралык туризм жана чектеш тармактар көргөзмөсүнө катышты. TITE-2024 эл аралык көргөзмөсү ИИРнын Президенти Э. Раиси, ИИРнын Маданий мурас, туризм жана кол өнөрчүлүк министри Э. Заргами, ИИРнын провинцияларынын губернаторлору жана иш-чарага келген конокторго сөз берилди. Тегеран туристтик көргөзмөсүнүн аянтчасында 2024-жылдын 13- февралында КРнын ИИРгы Элчилиги КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен биргеликте ИИРнын Маданий мурас, туризм жана кол өнөрчүлүк боюнча министринин орун басары А. Дарабинин, ИИРгы КРнын Элчиси Т. Сыдыковдун, КРнын ЭКМнын Туризм департаментинин директорунун орун басары К. Кежематованын, ИИРнын маданият министрлигинин маркетинг жана эл аралык туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча башкы директору М. Шоджаи, ошондой эле Ирандын ЖМКнын, туристтик компаниялардын жана бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен брифингпрезентация жана В2В-сессияларды уюштурду. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, эс алуунун түрлөрү, өлкөнүн маданий-тарыхый жана географиялык ажайып жайлары жөнүндө презентациясы, тематикалык видео тасмалар көрсөтүлдү. Андан соң Ирандын туристтик компанияларынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен В2В жолугушуулар болуп өттү. Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана кооз жерлери түшүрүлгөн  буклеттер таратылды.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында кыргыз делегациясынын башчысы К.Кенжематова жана Элчи Т.Сыдыков катышуучуларга Кыргызстандын туристтик секторунун ийгиликтүү өнүгүшү тууралуу айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди жана Ирандын туристтик компанияларынын өкүлдөрү, блогерлеринин жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Кыргыз Республикасына келип, туристтик аймактар жана өлкөнүн кооз жерлери менен көрүп кетүүгө чакырды.

Төмөнкү шилтемелер аркылуу караныз:

Kginform

Aqparat.info

Tazabek.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK