Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы

1352

2022-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер стабилдүүлүк жана позитивдүү динамика менен мүнөздөлөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Италия эки тараптуу мамилелердин кеңири спектри боюнча ишенимдүү өнөктөштөр болуп саналат. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жылдарында тышкы саясий ведомстволордун жетекчилеринин деңгээлинде туруктуу саясий байланыштар түзүлүп, парламенттер аралык байланыштар орнотулду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык өнүгүп, Европа Биримдигинин, БУУнун жана ЕККУнун алкагында туруктуу диалог түзүлдү. «Борбордук Азия+Италия» платформасынын алкагында эффективдүү кызматташтык жүргүзүлүүдө.

Римде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы маанилүү учур болду. 2020-жылдын август айында Италияда Кыргызстандын элчилигинин ачылышы менен өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер кыйла активдешти.

Кыргызстан Италия менен түзүлгөн достук мамилелерин жогору баалайт жана демократиялык баалуулуктарды урматтоого жана бекемдөөгө эки тараптын умтулуусуна негизделген мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерге даяр.

Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Италия Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун ортосунда куттуктоо каттары менен алмашуу болду.

Министрлер өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө конструктивдүү кызматташтыкты бекемдөөгө умтула тургандыгын ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK