2021-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаев Италия Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин Протокол кызматынын жетекчиси Иниго Ламбертиниге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

889

Т.Базарбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, И.Ламбертини резиденциясы Римде болгон Италиядагы биринчи Элчи кыргыз-италиялык мамилелерди өнүктүрүүгө чоң салым кошот деген ишенимин билдирди. Ошону менен бирге ал Т.Базарбаевдин жооптуу миссиясында ийгиликтерди каалады.
Жылуу кабыл алуу жана каалоо-тилек үчүн ыраазычылык билдирип, Т.Базарбаев эки тараптуу күн тартибин алдыга жылдыруу үчүн эки дос өлкөнүн мамилесин тереңдетүүгө жана бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.
Маектешкендер кыргыз-италиялык мамилелерге тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде эки тараптуу саясий жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK