2022-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин жардамы менен Бишкек шаарынын жана Сицилия аймагындагы Палермо шаарынын мэрияларынын, ошондой эле Соода-өнөр жай палаталарынын жана эки шаардын университеттери жана опера театрларынын жетекчилеринин катышуусунда видеоконференция жыйыны уюштурулду.

747

2022-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин жардамы менен Бишкек шаарынын жана Сицилия аймагындагы Палермо шаарынын мэрияларынын, ошондой эле Соода-өнөр жай палаталарынын жана эки шаардын университеттери жана опера театрларынын жетекчилеринин катышуусунда видеоконференция жыйыны уюштурулду.

Тараптар эки шаардын муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган, анын ичинде шаарды башкаруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле академиялык, маданий жана спорттук тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу каралган биргелешкен демилгелерди талкуулашты.

Палермо шаарынын мэри Р.Лагалла Бишкекке жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек менен бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча Макулдашууга кол коюуга даярдыгын билдирди, анын убактысы жакынкы аралыкта тараптар ортосунда макулдашылат.

М.Рыскулбеков  атындагы Кыргыз Экономикалык Университети менен Палермо шаарынын университети да эки тараптуу келишимге кол коюу, академиялык чөйрөлөрдүн катышуусунда биргелешкен тегерек столдорду, семинарларды жана конференцияларды өткөрүү аркылуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

А.Малдыбаева атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры менен Европадагы эң ири опера театрларынын бири «Театро Массимо» биргелешкен иш-чараларды, жаш опера ырчыларынын жана балет бийчилеринин катышуусунда концерттерди уюштуруу, продюсердик чеберлерди, ошондой эле жаш театр артисттерин стажировкадан өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Соода-өнөр жай палатасы Италиянын ар кайсы аймактарынын Соода-өнөр жай палаталары менен тыгыз кызматташууну белгилеп, Палермонун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын ишкерлери менен тыгыз байланыш түзүүгө чакырды.

Тараптар Палермодон Бишкекке келген аймактык делегациянын иш сапарынын мазмунун биргелешип даярдоо боюнча макулдашышты.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK