Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 2022-жылдын 24-ноябрында Рим шаарында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулган кыргыз фольклор ырларынын концерти болуп өттү.

558

Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 2022-жылдын 24-ноябрында Рим шаарында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулган кыргыз фольклор ырларынын концерти болуп өттү.

 

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, профессор М.Чотоновдун жетекчилиги астында концерт белгилүү «Аркобалено» тарыхый театрында өттү. Театрдын сахнасында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, «Манас» эпосун айтуучу С.Көчөбаев, маданияттын отличниги Э.Өскүнкаева жана чоорчу, комузчу К.Султанбеков, ошондой эле республикалык музыкалык кароо-сынактардын бир нече жолку жеңүүчүсү, чоорчу Б.Алагушов өнөрлөрүн тартуулашты.

 

Иш-чаранын коноктору дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкер чөйрөлөр, Италиянын маданият ишмерлери, ошондой эле Италияда жашаган көптөгөн кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү болушту.

 

Концерттин расмий бөлүгү Элчи Т.Базарбаевдин сөзү менен башталып, мындай иш-чараларды өткөрүү элдик маданиятты сактоого, руханий баалуулуктарды жеткирүүгө шарт түзөөрүн белгиледи. Ал кыргыз-италия маданияттар аралык диалогу тереңдеп, эки өлкөнүн элдерин жакындаштырып, Кыргызстан менен Италиянын эки тараптуу маданий алмашуу циклин улантаарына ишенимин билдирди.

 

Ошону менен бирге, 2022-жылдын 25-ноябрында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору М.Чотонов жана Рим көркөм искусство университетинин директору Ф.Монгели эки тараптуу кызматташуу жөнүндө, билим берүү жана илимий-изилдөө иш-чаралары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле эки окуу жайдын студенттеринин жана мугалимдеринин катышуусунда көркөм-маданий иш-чараларды өткөрүүнү камтыган келишимге кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK