Кыргызстандын Элчиси Таалай Базарбаев жаңы дайындалган Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары, Борбордук Азия өлкөлөрүн тейлеген Эдмондо Чириелли менен жолугушту

295

2023-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаевдин жаңы дайындалган Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары, Борбордук Азия өлкөлөрүн тейлеген Эдмондо Чириелли менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Атап айтканда, жакынкы келечекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны, анын ичинде консулдук чөйрөнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Элчи Т.Базарбаев Кыргызстан Италия менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Өз кезегинде Министринин орун басары Э.Чириелли саясий, соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK