Каракол шаары менен Кальяри шаарынын ортосунда кызматташтыкты тереңдетүү боюнча Макулдашууга кол коюлду

53

Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен 2023-жылдын сентябрь айында кол коюлган Каракол шаары менен Кальяри (Сардиния аралы) шаарынын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин алкагында 2023-жылдын 22-ноябрынан 25-ноябрына чейин Кальяри шаарынын мэри П.Труццунун чакыруусу менен Каракол шаарынын мэри Ч.Бапаевдин расмий иш сапары өтүп жатат. Кыргызстандык делегациянын курамына Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын ишкерлери кирди.

23-ноябрында «Palazzo Civico» имаратында Каракол шаары менен Кальяри шаарынын ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык, ошондой эле туризм жана спорт тармагында кызматташтыкты тереңдетүү боюнча жаңы Макулдашууга кол коюунун расмий аземи болуп өттү.

Иш сапардын алкагында Сардиния аймагындагы айыл чарба ишканаларына баруу, ошондой эле Кыргызстанда экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон италиялык ишкерлер менен жолугушуулар болот.

Каракол шаарынын мэри Ч.Бапаев кол коюлган Макулдашууну италиялык тарап менен биргеликте эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Т.Базарбаев эки тараптуу соода-экономикалык алмашууну, ошондой эле туризм тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө басым жасоо зарылдыгын белгиледи.

Кальяри шаарынын мэри П.Труццу белгиленген бардык демилгелерди ишке ашырууга, ошондой эле эки өлкөнүн элдерин жакындаштырууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK