2024-жылдын 23-январында Италиянын Тышкы иштер министрлигинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Элчилеринин Италиянын Тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириелли менен жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаев катышты.

44

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактар аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу, эл аралык уюмдардын жана аймактык платформалардын алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулоо болду.

Атап айтканда, Тышкы иштер министрлеринин 2024-жылы Римде өтө турган «Италия + Борбордук Азия» форматындагы жолугушуусунун мазмундуу толтуруу маселелери талкууланды. Аталган иш-чара Италиянын «Чоӊ жетиликте» (G7) төрагалыгынын алкагында өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK